Жалал-Абадда алтын казган компания мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргени аныкталды

 Жалал-Абадда алтын казган компания мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргени аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жалал-Абад облусунда алтын казган компания мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргенин аныктады. 

Атайын кызматтан билдиргендей, Жалал-Абад облусунун экология жана техникалык көзөмөлү жана алтын казуучу компаниянын өкүлдөрү, Жаратылыш ресурстар министрлигинин областтык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине, кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.

Такталгандай, Тогуз-Торо районунда алтын казуу менен алектенген тоо-кен ишканасы уруксаттардын жана тиешелүү экологиялык паспорттун жоктугуна карабастан, экологиялык зыян үчүн тарифти жеңилдетилген ставка боюнча төлөп берип жүргөн. Анын натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрында издөө иштери жүргүзүлүп, белгиленген тарифте карама-каршылыктар аныкталган. Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган 20 миллион сом өлчөмүндөгү зыяндын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат

Жанылыктар