Жалал-Абадда адам өмүрүн сактап калган милиция кызматкери сыйланды

Бүгүн 7-февралда адам өмүрүн сактап калган ички иштер министрлигинин ыкчам кызматкери милициянын капитаны Сардар Машарипов сыйланды. Бул тууралуу Жалал-Абад милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ага Жалал-Абад ОИИБдин ардак грамотасы тапшырылды. Сыйлыкты тапшырып жатып Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин орун басары милициянын полковниги Алмаз Кудайбердиев кызматкердин жасаган эрдиги мактоого татый тургандыгын белгилеп, жарандардын милицияга болгон ишенимин жогорулатууга кошкон зор салым катары баалады.
Эске салсак Сардар Машарипов 2-февраль күнү Жалал-Абад шаарындагы соода маркеттеринин биринде өнөкөт оорусу кармап калган жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, анын өмүрүн сактап калган.