Жалал-Абадда 29 баш койду опузалап, тартып алууга шектелген жаран кармалды

 Жалал-Абадда 29 баш койду опузалап, тартып алууга шектелген жаран кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жергиликтүү тургундун 29 баш коюн опузалап, тартып алууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, Сузак районунун Орто-Азия айылынын тургуну арыз менен милицияга кайрылып, мал базарда «Таке» аттуу жаран эч бир себепсиз коркутуп, жалпысы 29 баш козу кочкорлорун тартып алып, 300 000 сомдук материалдык зыян келтирилгенин билдирген.

Арыз кылмыштардын жана жооуктардын бирдиктүү реестерине катталып, Кылмыш-Жаза Кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө «Таке» аттуу жаран кылмыштуу чөйрөнүн активдүү мүчөсү 1994-ж.т. Сузак районунун тургуну А.Т.С. экендиги жана анын жашаган дареги такталган.

Тергөөгө келбей изин жашырып жүргөн А.Т. Ош шаарынын аймагында жашынып жүргөн жеринен кармалып, Жалал-Абад облустук милициясына өткөрүлүп берилген.

Учурда анын баш коргоо чарасын кароо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Жанылыктар