Жалал-Абадда 23 жаштагы жаран телефон тоноочулукка шектелип эки айга камалды

Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгы 23 жаштагы жаранды телефон тоноочулкка шектеп, эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизди. Бул тууралуу милициянын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматына караганда, 29 жаштагы жаран милицияга кайрылып, 18 жаштагы бир тууган инисинин “Самсунг” үлгүсүндөгү кол телефонун шаардын эски футбол ойноочу аянтында өзүн “Немат” деп тааныштырган бала коркутуп алып койгонун билдирген.
Факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Жыйынтыгында Жалал-Абад шаарынын 23жаштагы тургуну Ш.Н. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Мындан сырткары Ш.Н.нын милицияда өндүрүштө турган дагы бир тоноо фактысына катышы бар экени аныкталган. Учурда анын мындан башка да кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктогун тактоо иштери жүрүп жатат.