Жалал-Абадда 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

 Жалал-Абадда 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Жалал-Абадда 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул туурасында облустук милициядан билдиришти.

Ушул жылдын 8-ноябрь күнү саат 9:30 чамасында Ноокен районунун аймагынан агып өткөн сайдын ичинен 19 жаштагы кыздын киши колдуу болуп каза болгон жансыз денеси табылган.

Бул факты боюнча иликтөө иштеринин натыйжасында, окуяга шектүү катары буга чейин зордуктоо жана башка беренелер менен бир нече жолу соттолгон Сузак районунун тургуну 1964-ж.т. О.А. кармалды.

“Тергөө учурунда шектүү жасаган оор кылмышы боюнча кызды Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагында Жалал-Абад шаарына кетүү үчүн турган жеринен алып, Сузак районунун аймагында өлтүрүп, жансыз денени Ноокен районунун аймагындагы каналга ыргытып жибергендигин айтып берди”,-деп айтылат маалыматта.

Кылмыш иши боюнча шектүүнүн “Тойота-Королла” үлгүсүндөгү автоунаасы  далил катары алынып, автоунаага кароо жүргүзүү учурунда автоунаанын  арткы орундугунун оң жак тарабынан  кара-кочкул түстөгү канга окшогон зат аныкталган. Ошондой эле автоунаанын алдыңкы орундугунун астынан кара-күрөң түстөгү болжолдуу салмагы 2-3 граммды түзгөн баңгизатына окшогон өзгөчө кескин жыты бар зат табылып экспертизалык изилдөөлөр үчүн алынган.

Учурда кылмышка шектүүгө карата тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар