Жалал-Абадда үлпөт той кортежинен асманга ок чыгарган жаран кармалды

Жалал-Абадда үлпөт той кортежинен асманга ок чыгарган жаран кармалды. Бул туурасында облустук милициядан билдиришти.
Белгилесек, соцтармакта 19-февралда “БМВ” үлгүсүндөгү унаада бара жаткан жарандын асманга ок чыгарганы тартылган видео тараган.
Аталган факты боюнча 28 жаштагы М.А. аттуу жаран кармалды.
“Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында ок аткан жаран Жалал-Абад шаарынын 28 жаштагы М.А. аттуу тургуну экени аныкталган. Ал ошол эле күнү саат 14:00дөр чамасында милиция бөлүмүнө алып келинген. М.А. Сузак районунун Октябрь айылында тойдо жүрүп, “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаадан өзүнө таандык Сайга МК-01 ок атуучу куралынан асманга 10 даана ок чыгаргандыгы белгилүү болгон”, — деп айтылат милициянын маалыматта.
Учурда куралга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, бул жорукка юридикалык баа берүү максатында текшерүү иштери жүрүп жатат.