Жалал-Абадда үй-жайы жок жарандар үчүн баш калкалоочу жай иштеп баштады

 Жалал-Абадда үй-жайы жок жарандар үчүн баш калкалоочу жай иштеп баштады

Жалал-Абад шаарында үй-жайы жок жарандар үчүн баш калкалоочу жай иштей баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борбору маалымдады. Кабарлангандай, ноябрь айынан баштап иштеп баштаган түнөк үйдө 2 бөлмөдө 15 орун даярдалган. Ошондой эле эркектер менен аялдарга өзүнчө бөлмөлөр каралган. Аталган жайга кайрылган жарандарга 1 маал ысык тамак берилет. Түнөк үйү Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борбору тарабынан бир топ жылдан бери уюштурулуп келет. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен жыл сайын акча каражаты бөлүнөрү маалымдалды.

Жанылыктар