Жалал-Абадда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылды

 Жалал-Абадда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылды

Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылышты. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, мамлекеттик бюджеттен кант  диабетине чалдыккан оорулуу жарандар үчүн бөлүнгөн медициналык жабдуулар жана дары-дармектердин ичинен 761 миң 760 сомдук дары-дармектерди сатып, өздөрүнө сиңирип алышкандыгы аныкталган.

Тергөөнүн жыйынтыгында, келтирилген материалдык зыяндын 600 000 сому мамлекеттин пайдасына өндүрүлүп, Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары И.Э. Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен айыбы угузулуп, кылмыш иш соттун кароосуна жиберилди.

Жанылыктар