Жалал-Абад: жаңы төрөт үйүнүн курулушуна капсула салынды

 Жалал-Абад: жаңы төрөт үйүнүн курулушуна капсула салынды

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн аймагында жаңы төрөт үйүнүн курулушу башталды. Башталуу аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, капсула салды. 

Маалыматка караганда, төрөт үйү 3 кабаттан туруп, заманбап жабдуулар жана эс алуу паркы менен камсыз болот. Аны үчүн жалпы 3 гектар жер аянты бөлүнүп берилген. Заман талабына жооп берген акыркы үлгудөгү тийиштүү жабдууларды сатып алуу жана курулуш иштерин толук аягына чыгаруу үчүн 270 миллион сом ажыратылган. Бул каражат мамлекеттик бюджеттин эсебинен эмес, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен табылганы маалымдалды:

“Курулуш иштерин Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, толугу менен мен көзөмөлдөймүн. Аймактагы элдин муктаждыгын эске алуу менен курулуш иштери ушул жылдын декабрь айында жыйынтыкталат. Төрөт үйү үчүн керектүү болгон атайын тез жардам унааларын да камсыз кылабыз“, – деди Камчыбек Ташиев өз сөзүндө.

Төрөт үйүнүн курулушу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан ишке ашырылат. Имарат 75 орунга ылайыкташтырылат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар