Жалал-Абад шаарына стелла курулду

 Жалал-Абад шаарына стелла курулду

Жалал-Абад шаарында стелла курулду. Бул туурасында шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, стелла шаардын  түндүк тарабынан кире беришинде жайгашып, “Жалал-Абад шаары” деген жазуу түшүрүлгөн.

Стелланын айланасы жарыктандырылып, брусчатка төшөө жана газон себүү жумуштары аткарылган. Анын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 1 млн. 858 миң сом акча каражат сарпталды.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар