Жалал-Абад ОИИБ: милиция кызматкери өзүн-өзү атып каза болду

Сүрөт интернеттен алынды
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда милиция кызматкери өзүн-өзү атып каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-январда саат 17:30дар чамасында Ноокен районунун күзөт бөлүмүнүн 33 жаштагы Р.Т. аттуу милиция кызматкери даратканада белгисиз себептерден улам бекитилип берилген “ТТ” 7,62 мм үлгүсүндөгү табелдик ок атуучу куралы менен өзүн-өзү баш тарабына атып алып, окуя болгон жерден каза болгон.
Окуя болгон жерге Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы жана күзөт бөлүмүнүн жетекчилиги, Ноокен районунун прокурору жана ыкчам тергөө тобу барып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар чогултулган.
Топтолгон материалдар маалыматтардын электрондук журналы “Өз өмүрүн кыюу” болуп катталып, Ноокен райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилген.