Жалал-Абад: кооптуу аймакта жашаган тургундар көчүрүлөт

 Жалал-Абад: кооптуу аймакта жашаган тургундар көчүрүлөт

Жалал-Абаддын кооптуу аймактарында жашаган жарандар көчүрүлөт. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Белгилүү болгондой, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон,Сузак, Аксы,Ноокен райондорунда Кара-Көл, Майлуу-Суу, Жалал-Абад шаарларында жалпы 1160 кожолук жер көчкү, таш кулоо, кар көчкү, сел каптоо коркунучу бар аймактарда күн өткөрүп келишүүдө.

Учурда аталган үй-бүлөлөрдү коопсуз аймакка көчүрүү аракеттери жүрүп жатканы айтылды.

Мамлекет тарабынан керектүү судаларды жана турак жай салуу үчүн жер тилкелерин алып бирок, дагы деле коопсуз аймакка көчпөгөн үй-бүлөлөрдүн документтери чогултулуп сот органдарына өткөрүп берилет.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар