Жалал-Абад: кооптуу аймакта жашаган тургундар көчүрүлөт

 Жалал-Абад: кооптуу аймакта жашаган тургундар көчүрүлөт

Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган жарандар көчүрүлөт. Бул туурасында ӨКМден билдиришти. 

Маалыматта айтылгандай, учурда район жана шаар аймагындагы кооптуу аймакта жашап жаткан жарандарды коопсуз жайга көрчүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кооптуулук жогору болгон аймактардагы жашоочуларды, убактылуу коопсуз жайга көчүрүү тапшырмасы коюлуп, калктуу конуштун жашоочулары көчүүнү каалабаса мажбурлоо ирээтинде көчүрүү керек экендиги эскертилип жатат”,-деп белгиленди маалыматта.

Статистика боюнча Жалал-Абад облусунда 1160 үй-бүлө жер көчкү, сел каптоо, таш кулоо, кар көчкү түшүү кооптуулугу бар аймакта жашашат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар