“Жалал-Абад электрдин” мурунку директору 113,8 млн. сомдук зыян келтиргендиги үчүн кармалды

«Жалал-Абад электр» ишканасынын мурдагы жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Аталган ишкананын жооптуу кызматкерлерине карата электр энергиясына болгон карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгаруу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») менен кылмыш иши козголгон.
Текшерүүдө 2015-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында «Жалал-Абад электрдин» кызмат адамдары мыйзамсыз аракеттерге барып, электр энергиясына болгон жалпы 113 миллион 838 миң 100 сомдук карызды негизсиз эсептен чыгарышкандыгы аныкталган.
Кылмышка шектүү катары аталган компаниянын мурдагы жетекчиси М.К.А. кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалым болду.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.