Жалал-Абад: дагы 13 адам тамакка ууланды

 Жалал-Абад: дагы 13 адам тамакка ууланды

Жалал-Абад шаарындагы «Тажы-Махал» тез татым жайынын шаурмасын жегенден кийин өзүн начар сезгендер 30-июнда ооруканага кайрылган.1-июлда уулангандардын саны 13кө жеткенин облустук биргелешкен оорукананын башкы дарыгери Кумар Ботокараев “Азаттыкка” билдирди.Анын айтымында, ооруканага кайрылгандардын сегизи амбулатордук жардам алган, бешөө ооруканага жаткырылды. Бейтаптардын абалы туруктуу. Тамактануу жайынын ээси комментарий бере элек.28-июнда Жалал-Абад шаарындагы “Ага-ини» тез татым жайынан шаурма жегендер ууланган. Учурда алардын саны 40ка жетти. Аталган жайга 7,5 миң сом айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулган.

Жанылыктар