Жалал-Абад: 606 турак жайды сел каптады

Кечээ, 4-май күнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл өкмөтүндөгү 606 турак үйдү, 10 социалдык объектини сел каптаган.
Учурда КР ӨКМнин орун басары жетектеген ыкчам топ жеринде тактоо иштерин жүргүзүп, Сузак районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Жарандык коргонуу кызматынан 260 жаран, өздүк курамдан 135 кызматкер тартылып, сел каптаган турак үйлөрдө чогулган сел сууларын мотопомпанын жардамы менен тазалоодо.
ӨКМден 12 бирдик техника, Жарандык коргонуу кызматынан 30 техника тартылып, күйүүчү май менен камсыздалды. Учурда ыкчам штаб түзүлүп, кырдаалды жөнгө салуу жумуштары жүрүүдө.