Жалал-Абад: 35 адам ууланган тамактануу жайына айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулду

 Жалал-Абад: 35 адам ууланган тамактануу жайына айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулду

Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, тет татым жайы 7 миң 500 сом штраф төлөп, мындан ары иштебей турган болду. Эске салсак, Жалал-Абад шаарында тез татымдардын биринен шаурма жеген 35 адам ууланган. Учурда алардын 27си облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жатат. Дарыгерлердин айтымында бейтаптардын абалы туруктуу. Белгилеп кетсек, адистер күн ысыкта тез татым түйүндөрүнөн тамактануудан баш тартууну сунуштайт.

Жанылыктар