Жакындары сыздап калды. Чек арада мерт кеткен Нурсултандын сөөгү жерге берилди

 Жакындары сыздап калды. Чек арада мерт кеткен Нурсултандын сөөгү жерге берилди

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда курман болгон улук сержант Нурсултан Жаныбековдун сөөгү жерге берилди.

Нурсултан Жаныбеков 1995-жылы 25-июлунда Нарын районунун Оттук айылында жарык дүйнөгө келген.
Ал ушул жылдын 23-мартында УКМКнын 2054 чек ара аскер бөлүгүнүн 6-атайын багыттагы тобунун улук чалгынчысы-улук аткычы кызматына дайындалып, Баткен облусундагы Раззаков шаарына кызмат өтөө үчүн кеткен.

Нурсултан Жаныбеков мекенине кылган кызматы бааланып, Президенттин Ардак грамотасы жана бир катар ведомстволук сыйлык, медалдар менен сыйланган.

Акыркы сапарга узатуу митингинде Мекен чегинде окко учкан Нурсултандын эрдиги, күч түзүмдөрү, айылдаштары, кесиптештери, достору жана туугандары тарабынан эскерилди.

Жанылыктар