ЖАКтын кызматкери опузалап пара алуу менен кармалды

Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын 47-ТМ улук ыкчам кызматкери опузалап пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.
Кечээ, 8-февралында УКМК аскер бөлүгүнүн капитаны “О.И.К.” пара алып жаткан учурда колго түшкөн.
“О.И.К.” кызмат абалынан пайдаланып, коркутуу жолу менен ЖАКнын 47-ТМде жазасын өтөп жаткан, соттолгон “А.А.Х.” акча талап кылганы аныкталган.
“Кармалган кызматкер соттолгондун эркине каршы башка түзөтүү мекемесине өткөрүп берем деп коркутуу менен, жогоруда аталган түзөтүү мекемеде жазасын өтөп жаткан терс көз караштагы соттолгондордун мүмкүнчүлүктөрү аркылуу 2021-жылдын апрелинен 2022-жылдын 28-январына чейин соттолгондон акча каражатын алып турган”, — деп айтылат билдирүүдө.
Шектүү УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.