Жабылган медициналык окуу жайлар кайрадан иштей баштады

 Жабылган медициналык окуу жайлар кайрадан иштей баштады

Кызматтан четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жапкан медициналык окуу жайлардын ишине уруксат берилди. Бул тууралуу министрдин милдетин аткарып жаткан Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйында билдирди.Анын айтымында, министрликтин 12 медколледждин лицензиясын артка чакыртып алууга укугу жок болгон. Ошого карабай министр өзүнүн буйругун чыгарып жаап салган. Эми ал буйрук жокко чыгарылды.Министрдин орун басары университеттер дагы ишин уланта турганын белгиледи.”Мен жоопкерчиликтүү түрдө айтып коёюн, азыр бардык университеттер абитуриенттерди жайбаракат кабыл ала берсе болот. Министрлик тараптан аларга эч ким тоскоолдук кылбайт. Бирок учурда ведомстволор аралык комиссия бардык укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгып лицензиялык талаптарды даярдайын деп жатат. Эгер ошол талапты сактабаган университеттер болсо лицензиясын артка чакыртып алабыз”, — деди Касымбеков.

Жанылыктар