Жаңы жылдан тарта аз камсыз үй-бүлөлөр электр жарыгы үчүн 50 тыйындан төлөйөт

 Жаңы жылдан тарта аз камсыз үй-бүлөлөр электр жарыгы үчүн 50 тыйындан төлөйөт

Өлкөдөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясы үчүн 1-январдан тартып 50 тыйындан төлөйт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Президенттин тапшырмасына ылайык, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр кубаты үчүн 2022-жылдын 1-январынан тарта 50 тыйындан төлөйт. Эгерде керектөө 700 кВтстан ашса тариф 2,16 сом/кВтстын деңгээлинде сакталат.

«Учурда Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин тапшырмасы боюнча Отун- энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттиги буга чейин бекитилген орто мөөнөттү тарифтик саясатына өзгөртүү киргизүү багытында иш жүргүзүүдө. Документ даяр болгондо макулдашуу үчүн КР министрлер кабинетине жөнөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында аз камсыз болгон үй-бүлүлөргө электр энергиясынын баасын төмөндөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берген.

Жанылыктар