Санарип министри Ошто калкты тейлөө борборлорунун иши менен таанышты

 Санарип министри Ошто калкты тейлөө борборлорунун иши менен таанышты

Бүгүн, 24-январда санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов иш сапары менен Ош шаарына жана Ош облусуна келишти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапарынын алкагында министрликтин жетекчилери калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин, архив кызматынын, «Инфоком» жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканаларынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты.

Министр эки жарандык абалдын актыларын, калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмдөрүндө, «Кыргыз Почтасы» ишканасынын үч филиалында, облустук, райондук жана шаардык маанидеги төрт мамлекеттик архивде болду.

Иманов министрликтин алдында биринчи кезекте бардык ведомстволук бөлүнүштөрдө, анын ичинде калкты тейлөө борборлорунда көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды алуу процессинде жарандар үчүн максималдуу ыңгайлуулуктарды түзүү милдети тургандыгын белгиледи.

«Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу маанилүү. Калкты тейлөө борборлоруна, почта бөлүмдөрүнө жана ЖААК бөлүмдөрүнө кайрылгандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл. Бардык кызматкерлерден жарандардын кайрылууларын тез арада чечип, ар кандай кырдаалдарга тез арада чара көрүүнү суранам», – деди Иманов.

Ошондой эле 25-январда министрликтин жетекчилиги Ош облусунун Араван районунун калкты тейлөө борборунун ачылыш аземине катышып, Ош шаарындагы IT хабдын иши менен таанышат.

Жанылыктар