Жөө күлүк Мунара Мамиридинова: Олимпиадада эң жаш чемпион болуу менин изги тилегим

 Жөө күлүк Мунара Мамиридинова: Олимпиадада эң жаш чемпион болуу менин изги тилегим

Акыркы жылдары Кыргызстанда спорттун олимпиадалык түрлөрүнө кызыккан улан-кыздар арбын болууда. Айрыкча Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова сыяктуу балбандардын ийгиликтерине суктанган уул-кыздар Олимпиада баруу сыймык экенин айтып келишет.

Бүгүнкү каарманыбыз Мунара Мамиридинова да ошолор сыяктуу эле 2024-жылы Франциянын борбору Париж шаарында өтүүчү жайкы Олимпиадага катышуу укугун алуу үчүн тыным билбей машыгууда. Өзүнүн айтымында, 1,5 чакырымга чуркоо боюнча Кыргызстандын чемпиону жана ушул эле аралыкта Олимпиада катышуу үчүн даярданып жатат. Мындан улам Oshtv.kg басылмасынын кабарчысы Айдана Карыбекова спортчу менен маек куруп, жеңил атлетикага жүргөн спортко кантип кадам таштап калганын жана башка суроолор боюнча маектешти.

Саламатсызбы? Биз менен маек курууга макул болгонуңуз үчүн ыраазычылык билдирем. Биринчи эле суроо мындай болсун. Канча убакыттан бери жеңил атлетика менен алектенип келесиз?

Кичинемде айылда катуу чуркагандыктан, эч ким мага жетчү эмес. Мурун мен эрте менен чуркачумун (өзүм үчүн). Ал эми жеңил атлетика менен машыгып, даярданып жүргөнүмө 2 жарым жылдан ашты.

Спортко келүүңүзгө ким же эмне себеп болду?

Спорт менен машыгуу келечектеги планымда жок болчу. Бул мүмкүнчүлүк мага күтүүсүздөн келди. Дене тарбиядан сабак берген мугалимим- Максат агай, мектептер аралык Олимпиаданын жыйынтыгындагы көрсөткүчүмдү жакшы деп баалап, менин спорт жаатында ийгиликтериме себепчи болгон. Бул окуядан кийин машыктыруучум мени машыктыра тургандыгын айтып, республикалык мелдештерде чемпиону болушума көзү жеткен.

Спорттон кетем деген ойлор болду беле?

Эч качан кетем деген эмесмин. Облустар аралык Олимпиадада биринчи орунду багындыргандан кийин да спортко өзгөчө кызыгуум артты. Биринчи барганымда 2-3- орундарды алчумун, андан кийин биринчиликти алуу мен үчүн адатка айланды.

Ата-энеңиз спортко болгон кызыгууңузга кандай көз карашта?

Ата-энем башынан бери колдоо көрсөтүшөт. Алар эч качан мени чектеген эмес. Ошондой эле, эгер менин мелдешим боло турган болуп калса дайыма мага мотивация берип, көңүлүмдү көтөрүп турушат. Апам үй жумуштарынан бошотот. Атам мени өзгөчө жакшы көрөт, ар бир жеңишимди мени менен кошо майрамдайт.

Жеңил атлетикага чейин келечекке болгон пландарыңыз кандай эле?

Жогоруда айтып өткөндөй, келечектеги планымда жок болчу. Менин келечектеги эңсеген кесибим дарыгер болуу эле. Бирок чуркоо менен алектенген соң көп нерселерден чектелип калат экенсиң. Анткени мен башка спорттун түрү менен машыгуудан кооптоном, ден-соолугума зыян келтирип алсам чуркай албай каламын. Мыкты спортчу болуу үчүн көп убакыт талап кылынат. Мен башка жөндөмдөрүмдү чуркоо менен бирге алып кете албаймын.

Келечекте кандай пландарыңыз бар?

Менин максаттарым абдан көп. Буюрса аларды орундатканга аракет кылам. Алардын бири – Азия биринчилигин утуу. 2024-жылы жайда боло турган дүйнөлүк мелдешке чакыруу күтүп жатам. Эгер мага жолдомо келсе, дүйнөдөгү эң жаш спортчу наамын алуу жана Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытуу пландарымда бар. Азыркы учурда кайсы шаарда боло тургандыгы белгисиз, бирок Парижде деп болжолдонууда.

Мамлекет тарабынан спортчуларга кандай шарттар түзүлгөн?

Мамлекет спортчуларга аябай ыңгайлуу шарттарды түзүп берген. Шаардан тышкары мелдешке баргандагы чыгымдарды мамлекет каржылайт (жол акы, тамак аш, мейманкана…) Биз машыгууга эрте менен же түштө барып даярдана алабыз. Менин сабагым эртең менен болгондуктан машыгууга түшкүсүн барам.

Маегиңизге чоң рахмат!

Ошондой эле Ош шаарындык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Мурат Омошов Мунараны Кыргызстандагы жеңил атлетика боюнча эң мыкты спортчу экендигин баса белгилеп, 2024-жылы Дүйнөлүк турнирге жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү жогору экендигин белгиледи. Бирок бул тууралуу Кыргызстанга билдирүү келе элегин эскертти.

Жанылыктар