Зеленский Россия менен сүйлөшүүгө баруу шарттарын атады

 Зеленский Россия менен сүйлөшүүгө баруу шарттарын атады

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн негизги шарттарды атады. Бул туурасында ал өзүнүн Telegram каналындагы видео кайрылуусунда айтты.

“Аймактык бүтүндүктү калыбына келтирүү, БУУнун Уставын урматтоо, согуштун кесепетинен келтирилген бардык зыяндын ордун толтуруу, ар бир согуш кылмышкерин жазалоо зарыл. Ошондой эле согуш кайра кайталанбайт деген кепилдик керек. Бул толугу менен түшүнүктүү шарттар”,- деди Зеленский.

Ошентип, азыр Зеленскийдин 4-октябрдагы жарлыгы күчүндө. Ал өлкөнүн Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү мүмкүн эмес деген чечимин бекиткен.

Ал эми Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков күн мурун Москва Киев менен байланышка ачык экенин билдирген.

Ал арада Италиянын la Repubblica гезити жазгандай, АКШ менен НАТО өлкөлөрү Украина менен Россиянын диалогун кайра баштоого боло турган шарттарды талкуулашууда.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар