Зеленский Путин менен сүйлөшүүдөн баш тартканы айтылды

 Зеленский Путин менен сүйлөшүүдөн баш тартканы айтылды

Украинанын президенти Владимир Зеленский CNN телеканалына берген маегинде Орусиянын лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр эмес экенин билдирди.

Анын айтымында, Украина согуш уланып жаткан чакта сүйлөшүүлөргө барбайт.

“Орус тараптын конструктивдүү болууга эч кандай каалоосу жок. Ультиматум койгондор менен сүйлөшүү ниетим жок”, – деди Зеленский.

Ал Украианын Орусия оккупациялап алган бардык аймактары бошотулгандан кийин гана Москва менен келишим түзүү мүмкүн экенин кошумчалады.

Украинанын коргоо министри Алексей Резниковдун айтымында, февраль-март айларында Беларуста жана Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрдө украин делегациясы орус аскерлери 23-февралдагы позицияларына кайткан шартта макулдашууга кол коюуга даяр болчу.

“Анда бул мүмкүн болчу. Бирок азыр алар кайра артка кайтууга мүмкүн болбогон чекке жетишти. Украинанын азыркы позициясы – орус аскерлери биздин аймактан, анын ичинде Крымдан толук чыгып кетмейинче эч кандай сүйлөшүүлөр болбойт”, – деди Резников.

Зеленскийдин CNN телеканалына берген маеги украин аскерлеринин Харьков облусундагы контчабуулдары ийгиликтүү жүрүп жаткан маалда чыкты. Өткөн жумадан бери украин күчтөрү бир топ аймагын бошотууга жетишти. Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлеринин чегинүүсүн алар Донецк облусуна жиберилип жатканы менен түшүндүрдү.

 

Жанылыктар