Зеленский менен Путин жакын арада  жолугушуусу  мүмкүн

 Зеленский менен Путин жакын арада  жолугушуусу  мүмкүн

Украина президенти Владимир Зеленский менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусу жакын арада ишке ашуусу мүмкүн. Бул тууралуу  Украина президенти офисинин кеңешчиси Михаил Подоляк маалымдаган.

Польшанын «Wirtualna Polska» басылмасына берген интервьюсунда Подоляк президенттердин ортосундагы жолугушуу кандай абалда өтөрү тууралуу маалымат берген. «Тынчтык келишими боюнча иштер жыйынтыкталгандан соң, эки президенттин жолугушуусун уюштурууга киришебиз. Бул бир канча жуманын ичинде ишке ашуусу мүмкүн», — деп билдирген Подоляк.

Ал эми жолугушуу жайы тууралуу: «Кайсы жерде жолугары маанилүү эмес, каерде болсо да боло берет, бирок Орусияда эмес», — деп кошумчалаган украин президенти офисинин кеңешчиси.

Буга чейин Зеленский менен Путиндин жолугушуусун Түркия бийлиги уюштуруу ниетин билдирген. Кечээ, 17-мартта Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган Путин менен телефондо сүйлөшүү өткөрүп, Зеленский менен жолугушуусун талкуулаган.

Түркия өткөн жумада эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусун да коопсуз жана жогорку деңгээлде уюштуруп бере алган.

Financial Times өзүнүн жеке булактарына таянып, Украина менен Орусия ортосундагы сүйлөшүүлөрдө жылыш байкалганын, жадагалса тынчтык келиши боюнча план иштелип чыкканын жазган болчу.

Жанылыктар