Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалды

Жогорку сотунун төрагасы болуп Замирбек Базарбеков дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-февралда кол койду.
Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Жогорку соттун төрагасы 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.
Буга чейинки Жогорку соттун төрайымы Нургуль Бакирова ызматынан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арыз жазган. Ал бул кызматта былтыр апрелде шайланган жана ага чейин төрайымдын орун басары болуп иштеп турган.