Заманбап лифттин түрлөрү чыгарылат. Кыргызстанда алгачкы көп тармактуу завод ачылды

Чүй облусунда Кыргызстанда биринчи SKY INDUSTRIAL GROUP көп тармактуу заводунун ачылышы өттү. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттиги жазды.
Заводдо заманбап лифт жабдууларын жана ар кандай конфигурациядагы көтөрүүчү механизмдерди, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу лифттер; панорамалык лифттер; оорукана лифттери; курулуш; кичинекей жана чоң жүк көтөргүч лифттерди чыгаруу пландаштырылууда.
Аталган корпорациясынын президенти Рахат Жунушбаева заводдун негизги максаты жаңы технологияларды жайылтуу, жаңы жумушчу орундарды түзүү, инвестицинын кайтарымдуулугу, Made in KG маркасы менен дүйнөлүк рынокко чыгуу, атаандаштыкка жөндөмдүү продукция чыгаруу болуп саналарын билдирди.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да катшып, аталган заводдун ачылышы өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салым болорун, КР өкмөтү заводдун мындан аркы ишине ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн белгиледи.
“Жакында биз министрликтерди, ведомстволорду, Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриясын көп кабаттуу имараттарды курууда ата мекендик компаниянын лифттерин колдонууга милдеттендиребиз. Мындан тышкары, мамлекеттик объектилерди курууда дагы ата мекендик продукцияны колдонобуз”, – деген ал.
Жабдууларды жасоонун бардык технологиясы Кыргызстандын, Түштүк Кореянын жана Кытайдын адистери менен биргеликте иштелип чыкканы айтылган.