ЮНИСЕФ 1,4 млн долларга мектептерге компьютер жана санитардык каражаттарды берет

 ЮНИСЕФ 1,4 млн долларга мектептерге компьютер жана санитардык каражаттарды берет

Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов, Жапониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шигеки Маэда жана ЮНИСЕФтин Кыргызсындагы өкүлүнүн орун басарынын милдетин аткаруучу Томоя Сонода «Мектепке кош келиңиз» иш чарасынын алкагында №88 К. Бобулов атындагы орто мектептин салтанатына катышып, жакында жабдылган IT-каанасын ачышты.

Компьютердик класстын ачылышында У.Мамбетакунов 88-мектептин бүтүрүүчүлөрүнөн атактуу программисттер жана мыкты адистер чыгат деп үмүттөнөрүн белгиледи.

Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шигеки Маэда мырза Жапония өкмөтү менен ЮНИСЕФ коопсуз чөйрөдө сапаттуу билим алуу ар бир баланын укугу деген баалуулукту кармана турганын белгиледи. «Ошондуктан бул демилге эки бөлүктөн турат: биринчиси — окутуунун коопсуз жана гигиеналык чөйрөсүн камсыздоо үчүн мектептерге санитардык-техникалык жабдууларды сатып берүү; экинчиси — мектептер жабылган маалда онлайн сабакка катыша албай калган 20 000 баланын билиминдеги үзгүлтүктөрдү толтурууга багытталган программа. Мунун баары билимдеги боштуктарды болушунча азайтып, билимдин сапатын жакшыртат», — деди Элчи.

Бишкектеги №88 мектеп — өлкө боюнча компьютердик жабдыктарды алып жаткан 100 мектептин, COVID-19дун жайылышынын алдын алыш үчүн санитардык-гигиеналык каражаттарды (термометр, колду кургаткыч, дезинфекциялоочу каражатат, самын) алып жаткан 460 мектептин бирөөсү.

Компьютердик жабдыктар үчүн 600 000 АКШ доллары, санитардык-гигиеналык каражаттарга болсо 800 000 АКШ доллары сарпталды. Долбоор үчүн Бишкек менен Оштун жаңы конуштарындагы жана айыл жерлериндеги мектептер тандалып алынган жана аларды санариптик окутуу; эсеп менен сабаттуулукка окутуу программалары үчүн Билим берүү жана илим министрлиги негизги окуу жайлар катары аныктаган.

Салтанаттын катышуучуларына кайрылып жатып, ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Томоя Сонода мырза Кыргызстандагы балдарды окутуунун жыйынтыктары пандемияга чейин эле оор болгонун белгиледи.«COVID-19 шартында окуу кризисинин алдын алып, балдарды билим жолуна кайтарыш үчүн биз мектептердин коопсуздугун жана ачыктыгын камсыз кылышыбыз керек. Жапониянын өкмөтү менен ЮНИСЕФтин ортосундагы өнөктөштүк окутуунун сапаттуу мүмкүнчүлүктөрү бардык балдарга жеткиликтүү болушун камсыздоону көздөгөн билим берүү программабызды бекемдейт», — деди Сонода.

COVID-19дан жабыркаган балдардын сапаттуу билим алуусун камсыздоо долбоору пандемиянын билим берүү системасына тийизген таасирин жумшартууда Билим берүү жана илим министрлигин колдоо үчүн иштелип чыккан. Долбоор 2024-жылдын августуна чейин уланат жана ал Туруктуу өнүгүүнүн 4-максатына: инклюзивдүү жана адилеттүү билим берүүнү камсыздоого жана бардык адамдардын өмүр бою билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөктөшөт.

Жанылыктар