ЮНЕСКО Садыр Жапаровдун мөңгү боюнча демилгесин кабыл алды

Кечээ, 23-ноябрда ЮНЕСКОнун 41-сессиясынын пленардык жыйынында Кыргызстан демилгелеген тоо мөңгүлөрүн сактоо боюнча “Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө жүргүзүүнү кеңейтүү” деген жаңы резолюция бир добуштан кабыл алынды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Демилге президенти Садыр Жапаров тарабынан 2021-жылдын сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында жарыяланган.
“Резолюциянын негизги максаты – 2030-жылга чейинки күн тартибин ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер аркылуу тоо мөңгүлөрүнө жана түбөлүк тоңго мониторинг жүргүзүү жана изилдөө боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдөө”, – деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.
Бардык мамлекеттердин жалпы колдоосу менен Кыргызстандын резолюциясына ЮНЕСКОнун төмөнкү мүчө-мамлекеттери демөөрчүлүк кылышты: Орусия, Швейцария, Өзбекстан, Сербия, Бангладеш, Кытай, Эфиопия, Филиппин, Тунис, Испания, Мадагаскар, Аргентина, Конго Демократиялык Республикасы, Түштүк Корея, Италия, Беларус, Кения, Габон, Намибия, Казакстан, Исландия, Улуу Британия жана Австрия.