ЮНЕСКО: дүйнө тилдеринин 43%ы жок болуп кетүү коркунучунда турат

Дүйнө жүзүндө алты миң тилдин 43 пайызы жок болуп кетүү коркунучунда турат. Бул туурасында ЮНЕСКО уюму билдирди.
Уюмдун маалыматы боюнча, көйгөй өкмөттүн мектептерде эне тилди окутууга тийиштүү көңүл бурбашынан жана санариптик дүйнөдө тилди жайылтууга жетиштүү деңгээлде маани бербестигинен келип чыгууда.
Ошол эле учурда ЮНЕСКО бүгүнкү күндө дүйнөдө тилдер маданий көп түрдүүлүктү сактоодо жана маданияттар аралык диалогду камсыз кылууда, ошондой эле кызматташтыкты чыңдоодо жана сапаттуу билимге жетишүүдө маанилүү роль ойнорун түшүнүү өсүп жатканын кошумчалады.
Белгилесек, ЮНЕСКО уюму тарабынан 21-февраль “Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү” катары белгилөө кабыл алынган.