Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан эки адам каза тапты

  Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан эки адам каза тапты

 Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан эки адам каза тапты. Бул тууралуу ЖКККББ кабарлады.Буга чейин соцтармактын колдонуучулары Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталганын айтып, жеринен тартылган видеону жарыялашкан.ЖКККББнын маалыматына караганда, саат 15:20да Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда кырсык катталганы тууралуу кабар түшкөн. Милиция кызматкерлери жерине барганда батышты көздөй бара жаткан Opel Zafira автосунун айдоочусу рулду башкара албай калып Ford Focus менен кагышканы маалым болгон.”Окуянын кесепетинен Opel Zafira машинасындагы 1986-жылы туулган И. Т. жана 1966-жылкы И.Г. каза болгон. Ал эми экинчи автоунаанын айдоочусу менен жүргүнчүсү жаракат алып, Балыкчы шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жаткырылды”, – деп айтылат маалыматта.Учурда тийиштүү экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жанылыктар