Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 5 адам каза болду

 Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 5 адам каза болду

Ысык-Көлдө жол кырсыгынын айынан 5 адам каза болду. Бул тууралуу облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 11-сентябрда Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 196-чакырымында “Фольксваген Пассат”, “Субару” жана “Хонда Аккорд” унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын айынан 32, 28 жана 30 жаштагы үч эркек, жана 14 жана 1 жаштагы кыздар каза болду. Төрт адам денсинен түрдүү жарат алган.

Милициядан билдиришкендей, кырсык жолго чыга калган аттын кесепетинен болгон. “Фольксваген Пассаттын” айдоочусу атты сүзүп, андан кийин башкарууну жоготуп, эки унаа менен сүзүшкөн.

Жанылыктар