Ысык-Көлдө жайлоого кетип, дайынсыз болгон жарандын сөөгү табылды

 Ысык-Көлдө жайлоого кетип, дайынсыз болгон жарандын сөөгү табылды
Ысык-Көлдө сууга агып кеткен 40 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, маркум жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.
Белгилүү болгондой, Совет айылынын 40 жаштагы А.И. аттуу тургуну ат менен Ууру-Төр жайлоосуна мал караганы кеткен бойдон дайыны билинбей калган. Бул тууралуу маалымат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө түшкөн.
“1-июнда дайынсыз болуп жаткан жарандын минген аты Зындан айылынан тирүү табылган. Бүгүн, 2-июнда издөө иштерин жүргүзүү үчүн таңкы саат 04:50дө 7 куткаруучу тартылган.
Издөөнүн натыйжасында Совет жана Зындан айылдарынын ортосунан агып өткөн суудан сөөгү табылып, куткаруучулар туугандарына өткөрүп беришти. Ал Жыргалаң суусунан өтүп жатканда аттан жыгылып сууга аккан”, – дешет басма сөз кызматынан.

Жанылыктар