Ысык-Көлдө УКМК кызматкерлери үчүн салынган кызматтык үй пайдаланууга берилди

 Ысык-Көлдө УКМК кызматкерлери үчүн салынган кызматтык үй пайдаланууга берилди

Бүгүн, 4-ноябрында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарында 4 батирлүү кызматтык үйүнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.
Көрсөтүлгөн квартираларды пайдаланууга берүү аземинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары –УКМК төрагасы К.К.Ташиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.К.Кожоев, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы К.А. Жумадылов, мамлекеттик комитеттин кызматкерлери жана ветерандары катышышты.
Кызматтык үйлөрдүн курулушун “Бает Жаштары” ЖЧКсы жүргүздү.
Инфраструктураны өркүндөтүү жана куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, УКМК кызматкерлери үчүн тийиштүү шарттарды түзүү боюнча иштер улантылууда.

Жанылыктар