Ысык-Көлдө кесиптештер уруша кетип, алардын бири көз жумду

Ысык-Көлдө кесиптештер уруша кетип, алардын бири көз жумду. Бул туурасында облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 6-сентябрда аймактык ооруканадан учтуу нерседен жабыркаган Ананьево айылынын 34 жаштагы К.У. аттуу тургуну каза болгонун кабарлашкан.
Изилдөө иштеринин жүрүшүндө ушул эле күнү Бактуу-Долоноту айылында 35 жаштагы жергиликтүү тургун Б.Д. 34 жаштагы кесиптеши К.У. менен жолугушканы белгилүү болду. Алар спирт ичимдигин ичип отурушуп уруша кетишкен. Натыйжада Б.Д. бычак менен К.У.нун ичине бир нече жолу сайып жиберген. Андан кийин жабырлануучу райондук ооруканага жеткирилип, бирок эсине келбей каза болуп калган.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран күнөөсүн толугу менен моюндаганы айтылды.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары уланууда.