Ысык-Көлдө элдин колундагы курал-жарак текшерилүүдө

 Ысык-Көлдө элдин колундагы курал-жарак текшерилүүдө

Ысык-Көл облусунда элдин колундагы куралды текшерүү боюнча “Арсенал” аталышындагы операция өтүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган операцияга үч жүздөн ашык милиция кызматкерлери тартылып, жарандардын колундагы куралдардын сакталуу эрежелери текшерилүүдө жана куралды мыйзамсыз сактап жүргөн жарандар аныкталууда.

Операциянын биринчи күнүндө, Балыкчы ШИИБдин кызматкерлери тарабынан төрт мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар аныкталган, анын ичинен бирөө сайлуу жана үчөө сайсыз мылтык.

Жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, Түп районунун Шаты айылынын тургуну, атасынан калган, катталбаган сайсыз мылтыкты өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Милиция мылтык тийиштүү текшерүүдөн өткөндөн кийин, кайрадан ээсинин атына мыйзамдуу түрдө каттоого болорун, мыйзамсыз курал-жарактарды өз ыктыяры менен ички иштер органдарына өткөргөн жарандар жоопкерчиликтен бошотуларын эскертишүүдө.

Жанылыктар