ОшТВ телерадиокомпаниясы

Ысык-Көлдө баңгизатын унаага алмаштырууну көздөгөн жарандар колго түштү (сүрөт)

 Ысык-Көлдө баңгизатын унаага алмаштырууну көздөгөн жарандар колго түштү (сүрөт)

Декабрь айынын баш ченинде облустук ички иштер башкармалыгына аймактын үч тургуну мыйзамсыз сатып өткөрүү максатында үйлөрүндө ири өлчөмдө баңгизатын сактап жүрүшкөн. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган маалымат Ысык-Көл ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 282 (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында баңгизаттарын мыйзамсыз өткөрүүнү көздөп жаткан жарандардын өздүктөрү аныкталат. Алар, Ак-Суу районундагы айылдарынын биринин тургундары 38 жаштагы К.А., 39 жаштагы Б.Т. жана 26 жаштагы Т.А. болуп чыккан. Андан аркы жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө, шектүүлөр баңгизаттарын өткөрүү үчүн сатып алуучуларды издеп жатканын, же болбосо баңгизаттарды унаага алмаштырууну көздөп жүрүшкөндөрү милиция кызматкерлерине белгилүү болот.

Милициянын ыкчам кызматкерлери сатып алуучулар катары шектүүлөр менен кезигишип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Сүйлөшүүдө, шектүүлөр мыйзамсыз сактап жүрүшкөн баңгизаттарын «Ниссан» жана «Ауди 100» үлгүсүндөгү автоунааларга алмашууга макул болушат. 42 даана ширенке кутучасына салынган баңгизаттарын өткөрүп жаткан жеринен, кылмышка шектүү болгон жарандар милиция кызматкерлери тарабынан кармалышат. Андан тышкары, 39 жаштагы Б.Т. үйүн санкцияланган тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда, жапайы кендирдин жыты бар өсүмдүк табылып алынат.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу боюнча, алынган далил заттар гашиш жана марихуана түрүндөгү баңгизатына таандык экени аныкталып, гашиштин жалпы салмагы 658 граммды түзсө, марихуананын жалпы салмагы 239 граммды түздү. Кылмышка шектүү катары кармалган жарандарга карата Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда, сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Жанылыктар