Ысык-Көлдө   өрттөн үч бала каза болду

 Ысык-Көлдө   өрттөн үч бала каза болду

Кечээ, 29-декбарда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттүн кесепетинен үч кичинекей бала (эки жаштагы эки кыз жана беш жаштагы бала) каза болгон. Болжол менен аянты 105 чарчы метр турак үй толук күйгөн.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, алдын ала маалыматка караганда, өрт чөп жыйналган сарайда чыккан. Көз жумган балдар өрт чыккан тарапка жакын үйдүн бөлмөсүндө ойноп жаткан. Үйдүн чатыры урап калгандыгы үчүн балдарды куткарууга үлгүрбөй калышкан.

“Ал эми башка бөлмөдө сыналгы көрүп жаткан чоңдор жана балдар терезеден сыртка чыкканга жетишкен”, — деп айтылат маалыматта.

Өрт балдардын от менен ойноосунан чыккандыгы да айтылууда.

Жанылыктар