Ысык-Көлдө өрттүн кесептинен бир адам каза тапты

Ысык-Көл облусунда турак үй өрттөнүп, үй ээси каза тапты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоо Ананьева айылындагы Табалдиев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан. Өрттүн кесептинен үй ээси, 1958-жылы туулган Г.В.В. каза болду. Куткарчуулар маркумдун жансыз денесин ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Учурда өрттүн себеби такталууда.