Ысык-Көл облусунун тургундарынан 23 ок атуучу курал алынды

Ысык-Көл облусунун тургундарынан мыйзамсыз сакталган 23 даана ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«”Арсенал” аталышындагы ыкчам-профилактикалык рейди 10-марттан 21-мартка чейин жүргүзүлгөн. Лицензиялоо системасынын 14 объектиси, 1300дөн ашуун мергенчилер жана 100гө жакын газ-травматикалык куралдын ээлери текшерилди. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 23 даана ок атуучу курал алынды – анын ичинен 3 сайлуу жана 20 сайсыз. Мыйзам бузуу фактылары боюнча 65 протокол түзүлдү», – деп айтылат маалыматта.
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы курал-жарактарды, жардыргыч заттарды же жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз жүгүртүү үчүн жарандардын кылмыш жоопкерчилигин эскертет. Алардын өз ыктыяры менен багынып бериши кылмыш жоопкерчилигинен бошотот.