Ысык-Көл облусунун аймагында кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарып алган адамдар кармалды

 Ысык-Көл облусунун аймагында кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарып алган адамдар кармалды

УКМК тараткан маалыматка ылайык, 2010-жылдын май айында «Ысык-Көл-Аврора» санаторийинин аймагында жайгашкан 97 бирдик кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар 10 гектар жер тилкеси мамлекеттин кирешесине алынган.

Кийинчерээк бул объекттердин ичинен 13 гана батир иш жүзүндө мамлекеттин менчигине өтүп, ал эми калган 56 батир жана 27 коттедж Ысык-Көл районунун жана облусунун, Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын райондор аралык сотторунун, Жогорку соттун судьяларынын, ошондой эле Президенттин Аппаратынын, Мамлекеттик мүлк фондунун жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлеринин катышуусу менен татаал коррупциялык схемаларды түзүү жолу менен мыйзамсыз түрдө жеке менчик структуралардын менчигине чыгарылып кеткен”, – деп айтылат билдирүүдө.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кыймылсыз мүлктү мамлекеттин карамагынан чыгаруунун уюштуруучусу болуп “А-А ПМК” ЖАКнын мурдагы башкы директору “Ч.В.Ю.”, ошондой эле анын жактоочусу жана ал менен аффилиацияланган башка адамдар экендиги аныкталды.

Бул топ өздөрүнүн кылмыштуу оюн ишке ашыруу үчүн мамлекеттик, укук коргоо жана сот органдарынын жогорку кызматтагы адамдарына акча жана кыймылсыз мүлктөрдү өткөрүп берүү жолу менен колдоо тапкан.

Ушул жылдын 5-февралында аталган адамдардын тобуна кыймылсыз мүлк объектилеринин бир бөлүгүн легалдаштырууда жасалма жарандык-укуктук келишимдерди түзүүгө көмөк көрсөткөн “СКД” ЖЧКсынын жетекчиси – “К.А.В.” кармалган.

Кечээ, 7-февралда ага карата Бишкектин Биринчи Май райондук соту камакка алуу чечимин чыгарды.

Бул коррупциялык схеманын 4 катышуучусу кылмыш жоопкерчилигине тартылып, үчөө камакта, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жанылыктар