Ысык- Көл: Массалык мушташтын себепкери камакка алынды

 Ысык- Көл: Массалык мушташтын себепкери камакка алынды

Облустук ички иштер башкармалыгы 29-июнда Ысык-Көлдүн жээгинде 18 адам катышкан жапырт мушташка себепкер болгон 34 жаштагы М.Э. райондук соттун чечими 20-июлга чейин камакка алынганын кабарлады. Көл жээгиндеги “Радуга” пансионатынын пляжындагы жапырт мушташ боюнча Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (“Ээн баштык”) негизинде кылмыш иши козголгон.“Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө мушташка 11 жарандын түздөн-түз тиешеси бар экени аныкталган, анын ичинен үчөө эс алуучу, сегизи пансионаттын коопсуздук кызматында иштейт”, – деп айтылган малыматта. 29-июнда Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Радуга” пансионатынын пляжында калайман мушташ боюнча 18 адам кармалып, сурак берип жатканы кабарланган.Жапырт мушташ тартылган тасма буга чейин социалдык тармактарда тарап, кармалгандардын жакындары комментарий берген эмес.

Жанылыктар