Ысык-Атада өрт эки жарандын өмүрүн алды

 Ысык-Атада өрт эки жарандын өмүрүн алды

Бүгүн, 14-декабрь таңга маал Чүйдүн Ысык-Ата районунда өрттөн эки киши көз жумганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кырсык Новопокровка айылындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан кафеде катталып, анда кароолчунун бөлмөсү толугу менен күйүп кеткен. Көз жумган эки киши бөлмөнүн ичинде болгон.

Өрт саат 06:30да чектөөгө алынып, 06:50дө толук өчүрүлдү.Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Маалымат катары: Кыргызстанда бир суткада 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган. Алар:

Ош шаарында 1, Ош облусунда 5, Чүй облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Ош облусунун Кара-Суу шаарында “Daewoo Lanos” үлгүсүндөгү унаа өрттөнгөн. Ушул эле райондун Шарк айылында таштанды ташуучу “КамАЗ” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

Ошондой эле, Өзгөн шаарында турак үйдүн 30 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айылында аянты 10 чарчы метр болгон сарай толугу менен күйгөн.

Жанылыктар