Ырчы Бекжан Темирхан уулу каза тапты

 Ырчы Бекжан Темирхан уулу каза тапты

Ырчы Бекжан Темирхан 11-ноябрга караган түнү жол кырсыгынан каза тапты. 

Бул кабарды Баракелде сайтына ырчынын менеджери Мырзагүл Абдрахманова тастыктап, маркумдун жансыз денеси Аксыдагы Кызыл-жар айылында жерге берилерин билдирди.

Ырчы Кызсайкал Кабылованын айтымында, Бекжан Темирхан уулу Балыкчы шаарындагы тойго кызмат көрсөтүү үчүн бара жаткан.

“Бекжандын гонорары бизде болчу. Акчаны берейин деп Боомдо күтүп турам дегем. Кийин Талгар деген досу телефон чалып, машина тоголонуп, кырсыкка учурашканын айтты. Тамашалап жатса керек деп ишенген эмес элек. Барсам, машина толтура. Бекжанды тирүү дегилечи деп ыйлап кирдим”,-деди Кызсайкал.

Алдын ала маалыматтар боюнча, “Мерседес” унаасынын айдоочусу У. уулу Т. рулду башкара албай калган. Алган жаракаттарынан улам айдоочу Кемин райондук ооруканасына жаткырылган. Ал эми унаанын Т. уулу Б. аттуу (ырчы Бекжан Темирхан) жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда экспертизалар дайындалып, окуянын чоо-жайы такталууда.

 

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар