Японияда Гонконг кемеси чөгүп, экипаж мүчөлөрү дайынсыз болууда

 Японияда Гонконг кемеси чөгүп, экипаж мүчөлөрү дайынсыз болууда

Түштүк Корея менен Япониянын ортосунда Гонконг кемеси чөгүп кетти. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазды.

Акыркы маалыматтарга караганда, жүк ташуучу кеменин 22 экипаж мүчөсүнүн 12си эс-учун жоготкон абалда табылды.

Түштүк Корея менен Япониянын жээк коопсуздугу кызматтары биргелешкен издөө иштерин улантууда.

Мурдараак маалымдалгандай, Гонконгдо катталган 22 адамы бар жүк ташуучу кеме Япониянын Нагасаки префектурасына караштуу Дандзё аралына жакын жерде чөгүп кеткен.

NHK телеканалы төрт адам куткарылып калганын кабарлаган болчу.

Учурда калган экипаж мүчөлөрүн издөө ишери улантылып жатат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар