Япония менен АКШ биргелешкен масштабдуу машыгууларды баштады

 Япония менен АКШ биргелешкен масштабдуу машыгууларды баштады

Бүгүн, 10-ноябрда Япониянын өзүн-өзү коргоо күчтөрү менен америкалык аскерлер Keen Sword биргелешкен масштабдуу машыгууларды баштады. Бул тууралуу NHK кабарлады.

Машыгууларга өздүк курамдан 36 миң адам, 30 кеме жана 370 учак катышат. Машыгуу баллистикалык ракеталарга каршы чараларды жана алыскы аралдарды коргоону камтыйт деп күтүлүүдө.

Тайванга эң жакын Йонагуни аралындагы машыгууда Япония менен АКШнын ортосунда биринчи жолу биргелешкен маалымат алмашуу үчүн база түзүлө турганы белгиленди. Мындан тышкары, өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн күжүрмөн унаасы аралга транспорттук учактар ​​менен жеткирилип, биринчи жолу префектуранын жалпы пайдалануудагы жолдорунда сыноодон өткөрүлөт.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар