Япония Кыргызстанга 7,6 млн доллар кайтарымсыз каражат берет

 Япония Кыргызстанга 7,6 млн доллар кайтарымсыз каражат берет

Япония Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына 7,6 млн доллар өлчөмүндө кайтарымсыз жардам берет. Бул туурасында Финансы министрлигинен билдиришти.

Бул маалымат финансы министри Алмаз Бакетаев менен Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года жана Эл аралык кызматташтык агенттигинин КРдагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюкинин катышуусунда “Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун медициналык жабдууларын жакшыртуу” долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана гранттык макулдашууга кол коюу аземинде белгилүү болду.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Япония өкмөтү 999 млн япон йен (7,6 миллион доллар) грант берип жатат.

“Долбоордун максаты – саламаттык сактоо уюмдарын жугуштуу эмес ооруларды диагностикалоо жана дарылоо үчүн медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу”,-деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 26-январында түзүлгөн. Кыргызстанда иш-чаралар башталгандан бери JICA жана Япониянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан 30 келишимге кол коюлган, анын ичинен учурда 4 инвестициялык долбоор жана техникалык жардамдын алкагында 2 долбоор ишке ашырылууда. Долбоорлор транспорт, саламаттыкты сактоо тармактарын жакшыртууга багытталган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар