Владивостокто  “Бүтүн Кыргызстан” алдыда

 Владивостокто  “Бүтүн Кыргызстан” алдыда

Орусиянын Владивосток шаарында  Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жыйынтыкталды. Ага ылайык биринчиликти «Бүтүн Кыргызстан» партиясы алды.

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын социалдык тармактын колдонуучулары жарыялашты.

Саясий өнөктүккө катышкан 134 адамдын 54ү “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясын колдогон.

Убакыттан айырма  болгондуктан, Орусиянын айрым  облустарында шайлоо жыйынталууда.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда, саат 08:00дөн баштап өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүүдө.

Жанылыктар