Владимир Жириновский каза болду

Орусиянын Либералдык-демократиялык партиясынын лидери Владимир Жириновский узакка созулган оорудан кийин каза болгонун Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин билдирди.
Советтик жана россиялык саясатчы Мамлекеттик Думадагы ЛДПР фракциясынын лидери болчу. Көзү тирүү болгондо 25-апрелде 76 жашка толмок.
Эске салсак, 25-мартта ЖМКларга Владимир Жириновскийдин каза тапканы тууралуу маалымат тараган. Бирок бул маалымат кайра эле төгүндөлгөн.